Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:48

АКШ Украинага 2,3 миллиард долларлык жардам бөлөт


Рустем Умеров жана Ллойд Остин.
Рустем Умеров жана Ллойд Остин.

Кошмо Штаттар жакында Украинанын коопсуздугу үчүн 2,3 миллиард доллардан ашуун өлчөмдөгү аскердик жардам бөлөрүн коргоо министри Ллойд Остин билдирди. 2-июлда ал Вашингтонго иш сапар менен барган украин коргоо министри Рустем Умеров менен жолугушту.

Остиндин айтымында, бул жолку жардам танк чабуулдарына каршы каражаттардан, абадан коргонуу тосмолорунан турат жана NASAMS, Patriot абадан коргонуучу тосмолорун сатып алууну тездетүүгө мүмкүндүк берет.

Пентагондун расмий өкүлү Пэт Райдер эки министрдин жолугушуусунан кийинки билдирүүсүндө:

«Жеринде болуп жатканды көрүүдөбүз. Кармаш оор болууда. Орусия басып алуу аракетин улантууда. Украинага кошумча жардам тууралуу чечим кабыл алуу үчүн, билесиздер, жети ай бою аракет кылдык. Орусиялыктар украин аскерлерин сүрүп чыгарып, алдыга жылууга аракет кылышты эле, бирок, географиялык жактан алып караганда, көрүп турасыздар, анчалык ийгиликке жетише алышкан жок. Азыр украин аскерлери фронт тилкесиндеги турумдарын кармап турушат. Биз аларга жардамыбызды уланта беребиз”, - деп айтты.

Украина бийлиги Орусиянын улам көбөйгөн ракеталык жана дрон чабуулдарынан коргонууга зарыл системаларды жөнөтүүнү союздаштарынан бир нече айдан бери өтүнүп келе жатат.

Орусиянын абадагы артыкчылыгы анын учактарына Украинанын позицияларын талкалоо үчүн башкарылуучу бомба сыяктуу оор ок-дары колдонууга мүмкүндүк берүүдө.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага кол салган алгачкы жылы Украина Батыштагы союздаштары жөнөткөн курал-жарактын жардамы менен орусиялык чабуулдарга туруштук берип тура алган, бирок былтыр андай жардам дээрлик токтоп, фронтто оор абал түзүлгөн. Быйыл жазында гана жардам кайра улана баштады.

30-июнда украин президенти Владимир Зеленский өлкө абадан коргонуусун бекемдөөгө абдан муктаж болуп жатканын билдирип, «Орусиянын күнүмдүк террорун жеңип чыгуу» үчүн «орусиялык террорчуларды жана [ракета учурган] жабдыктарын жеринде талкалоо керек» экенин белгилеген жана Украинадагы заманбап абадан коргонуу системеларынын санын көбөйтүү зарылдыгын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG