Сербия президенти Александр Вучич Орусия менен эки тараптуу мамилени «абдан жакшы» деп баалай турганын билдирди. 2-июлда Белградда Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко менен жолугушуудан кийин ал Instagram баракчасына сүрөтүн жарыялап, «Сербиянын аймактык бүтүндүгүнө көрсөткөн колдоосу» жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сребреница боюнча резолюциясына карата позициясы үчүн Орусияга өзгөчө ыраазы экенин жазды.
Сербиянын башкы дипломаты Марко Журич да «Косово боюнча колдооңуздар үчүн рахмат» деп айтты. Ал жетектеген мекеменин маалыматында «Бул Европа Биримдигинин толук мүчөлүгүнө стратегиялык багыт алганы менен дүйнө жүзүндөгү башка да достор жана өнөктөштөр менен байланышын сактоого, жакшыртууга умтулган Сербиянын тышкы саясий позициясын чагылдырат» деп белгиленди.
БУУ Башкы Ассамбеясы 23-майдагы чечими менен Сребреницадагы геноциддин курмандыктарын эскерүү күнүн бекиткен. Резолюцияга 84 өлкө «макул» деген добушун берген, 19у каршылыгын билдирген, 68и добуш берүүдөн карманган. Катуу каршылыгын Сербия жана босниялык сербдердин жетекчилиги билдирген. Орусия бул документке каршы добуш берген.
Батыштын Орусияга Украинага кол салганы үчүн киргизген санкцияларына расмий Белград кошулган эмес.
Москва менен Белград саясий кызматташтыктан тышкары аскердик жана экономикалык алакасын да бекемдөөдө.
БУУ резолюциясында Босния жана Герцеговинанын курамындагы Серб республикасынын (Republika Srpska) аймагында жайгашкан Сребреница шаарындагы 29 жыл мурдагы окуяны кыргын катары эскерүү күнүн негиздөө тууралуу жазылган.
1995-жылдын 11-июлунда, 1992-1995-жылдардагы Босния согушунун соңунда, БУУ “коопсуздук зонасы” деп жарыялаган Сребреница анклавынын чет жакасындагы Поточари кыштагында босниялык сербдердин куралчан топтору 8 миңден ашуун босниялык мусулман эркекти, анын ичинде эркек балдарды өлтүрүшкөн. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы эң чоң кыргын болгон. (RK)