Кыргызстанга Швейцариянын тышкы иштер министри келди

Швейцариянын тышкы иштер министри Иньяцио Кассисти тосуп алуу учуру.

Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис Кыргызстанга расмий сапар менен учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Кассис 3-июлга караган түнү "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна келип конду.

Сапардын алкагында ал кыргызстандык кесиптеши, министр Жээнбек Кулубаевге жолугуп, кыргыз-швейцария кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулайт.

Швейцариянын тышкы иштер министрин президент Садыр Жапаров кабыл алышы күтүлүүдө.

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1992-жылдан тартып түзүлгөн. 1996-жылы Бишкекте Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин кеңсеси ачылса, Кыргызстан ошол эле жылы Швейцарияда элчилик ачкан. Швейцария болсо Бишкекте 2012-жылы элчилик уюштурган.

Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер министрлиги расмий түрдө Тышкы иштер федералдык департаменти деп аталат. (ErN)

Дагы караңыз

“Аккула” ат майданын сатуу боюнча экинчи аукцион 11-июлга белгилендиRSF: Каракалпакстанда журналистика жок болуп барататТүркияда сириялык качкындарга каршы чыккан 474 киши кармалдыТашкенттик аял 90 миң долларды нигериялык шылуундарга алдырды Чолпон-Атада БУУнун баш катчысы Гутерриш жарандык коом өкүлдөрү менен жолуктуКазакстандык саясат талдоочу кол салуу аракетине кабылганын билдирдиМосквада Орусиянын курама командасынын теги тажикстандык машыктыруучусу кармалды Чүйдө 3,5 баллдык жер титирөө болду