Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Москвада Орусиянын курама командасынын теги тажикстандык машыктыруучусу кармалды


Алишер Исматзода.
Алишер Исматзода.

Москвада Орусиянын эркин күрөш боюнча жаштар курама командасынын машыктыруучусу, теги тажикстандык Алишер Исматзода кармалганын, ал “террордук ишмердикке көмөктөшкөн” деп шектелип жатканын 2-июлда “Азаттыктын” тажик кызматы жазды.

Ага кандай айып тагылып жатканы тууралуу азырынча расмий маалымат жок. Орусиянын Спорттук күрөш федерациясы Исматзода кармалганын тастыктап, бул окуя аларды "нес кылганын" билдирди.

Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, Москванын Щербинский райондук сотунда шектүүнү камакка алуу сунушталууда, ал террордук акт уюштуруу үчүн адамдарды азгырган деп шек саналууда. Мындай айыптын жаза чарасы, орус мыйзамдары боюнча, 15 жылдык абак.

Бөгөт чарасы боюнча сот чечими 3-июлда чыгат.

Алишер Исматзода 32 жашта, ал Тажикстан борбору Дүйшөмбү шаарында туулган. 2015-жылы Орусиянын Дене тарбия, спорт жана туризм мамлекеттик университетин аяктаган, Орусиянын эркин күрөш боюнча спорт чебери, грек-рим күрөшү боюнча спорт чеберлигине талапкер.

Тажикстан бийлиги спортчунун кармалганы боюнча комментарий бере элек.

Быйыл 22-мартта Москва облусунун Красногорск шаарында “Крокус Сити” борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шек саналып кармалгандардын көбү теги тажикстандык экени аныкталган.

Орусияда тажикстандык эмгек мигранттары боюнча абал оор деп мүнөздөлүп жатканы 30-апрелде Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров менен сүйлөшүүсүндө айтылган.

"Озоди" белгилегендей, жыл сайын миңдеген тажикстандык мигранттар Орусиядан түртүү шылтоо менен чыгарылып, дагы жүздөгөн мигранттар камалып, куугунтукка алынууда. Эксперттердин баамында, Орусия бийлиги эмгек мигранттарынын маселесин Дүйшөмбүгө кысым көрсөтүү ыкмасы катары колдонуп келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG