Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

RSF: Каракалпакстанда журналистика жок болуп баратат


Каракалпакстандагы нааразылык. 2022-жыл.
Каракалпакстандагы нааразылык. 2022-жыл.

Сөз эркиндиги үчүн күрөшүп келе жаткан «Чек арасыз кабарчылар» (RSF) эл аралык уюму Өзбекстандын Каракалпак аймагындагы эки жыл мурдагы кандуу окуяны жазган, эстеген, иликтеген кабарчылар “жикчил” деп куугунтукка кабылып жатканын билдирди. Уюмдун 1-июлда жарыяланган баяндамасы “Өзбекстан: Каракалпакстандагы журналистиканын жок болуп баратышы” деп аталды.

Анда “Ташкенттин кыянаттыгы” бул аймакты “маалымат чөлүнө” айлантып жатканы, аз сандагы эркин жалпыга маалымдоо каражаттары жана ютуберлердин аймактагы чечилбей келаткан экономикалык жана экологиялык көйгөйлөр тууралуу жарыялаган материалдарын миң чакырымдай алыс жайгашкан Ташкенттеги бийлик жеке өзүнө алып, нааразы болуп жатканы белгиленди.

Мисалы, баяндамада айтылгандай, токойлор мыйзамсыз кыйылган окуяны чагылдырган Мустафа Турсынбаев менен Саламат Сейтмуратов беш жылга кесилген, эки жылда кеминде үч өзбекстандык журналист өзүнүн кесиптик милдетин аткарып жүргөндүгү үчүн жазаланган. Алар – «Иел Хызметинденин» башкы редактору, беш жылдык үй камагына соттолгон жана дээрлик 17 миң евролук айыппулга жыгылган Абдималик Хожаназаров жана ушундай эле жаза чегерилген «Ишонч» гезитинде иштеген эколог кабарчы Есимкан Канаатов. Аталган эки журналистти “жапырт башаламандыкты козуткан жана уюштурган”, “коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан материалдарды жасап, жайылткан” деп 26 демонстрант менен чогуу соттошкон.

Нукустагы окуяны чагылдырып жүргөн жеринен кармалган Бахтияр Кадирбергенов беш жылга, журналист Лолагүл Каллыханова үч жылга соттолгон. Eurasianet сайтынын жана The Economist басылмасынын кабарчысы Жоанна Лиллис да кармалып, кое берилген жана тарткан сүрөттөрүн өчүрүүгө мажбур болгон.

RSF уюмунун сөз эркиндиги боюнча 2024-жылдын дүйнөлүк индексинде Өзбекстан 180 өлкө арасынан 148-орунду ээлеген.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.

2022-жылдын күзүндө Human Rights Watch уюму Нукус окуясын чагылдырган, анда камалгандардын таламын талашкан көптөгөн активисттер мекениндеги куугунтуктан качып, Казакстанда жана Европада башпаанек сурашканын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG