Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Чолпон-Атада БУУнун баш катчысы Гутерриш жарандык коом өкүлдөрү менен жолукту


БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандагы жарандык коом өкүлдөрү менен. Чолпон-Ата, 2-июль, 2024-жыл. (Сүрөт Т. Исмаилованын баракчасынан алынды)
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандагы жарандык коом өкүлдөрү менен. Чолпон-Ата, 2-июль, 2024-жыл. (Сүрөт Т. Исмаилованын баракчасынан алынды)

2-июлда Чолпон-Ата шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандын жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушту.

Бул тууралуу "Азаттыкка" жолугушууга катышкандардын бири - "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдирди. Анын сөзүнө караганда, жарандык коом өкүлдөрү БУУнун баш катчысына өлкөдөгү адам укуктары, майыптыгы бар адамдардын укуктары, сөз эркиндиги, экологиянын абалы, жарандык коомго мамиле тууралуу маалымат беришти.

"Сот адилеттигинин жоктугу, аялдардын укугу, майыптыгы бар кыздар зордукталган учурда да сот калыс карабай калган учурлар бардыгын белгиледик. Сөз эркиндиги кысымга кабылып, бийликке сын-пикир айткан блогер, журналисттер камалып жатканы тууралуу айтып бердик. Публицист, журналист Олжобай Шакирдин беш жылга кесилгенин айттык. Теңсиздик дээрлик бардык жакта орун алып жатканын белгиледик. Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын акталышы - баш катчынын келишине даярдык болушу ыктымалдыгын да белгиледик. Кыргызстанда парламенттин эркиндигин тушаган, ЖМКны чектеген мыйзамдар жазылып, кабыл алынып жатканын айттык. Бизди кыскан, журналисттерди камаган кыргыз элинин табиятына туура келбесин айтып, Кыргызстандагы укук коргоочулардын укугун коргоочу кыймылдар зарыл экенин белгиледик", - деди Исмаилова.

Баш катчы Гутерриш жолугушууда Кыргызстандагы адам укуктарынын, сөз эркиндигинин абалы тууралуу кабардар экенин билдирген.

Исмаилова жолугушуу кыргызстандык жарандык коом өкүлдөрүнүн демилгеси менен уюштурулганын кошумчалады.

1-июлда Гутерриш Кыргызстанга келди. Ал Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров менен жолугуп, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү абалды талкуулады. Жолугушууда адам укугунун маанилүүлүгү белгиленди, жыйын соңунда өлкөдөгү адам укугу маселесине көңүл бурду.

"Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде мүчө экени бул өлкөгө дагы көбүрөөк жоопкерчилик жүктөйт. Адам укуктары, экономикалык, саясий жана жарандык - бардык укуктар корголушу керек. Министр мырза мага айтып бергендей, эркиндик бул элдин канында бар экен. Тарыхына карап көрсөк, бул туура көрүнүш", - деди Гутерриш.

Гутерриш чөлкөмгө Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүндө адам укуктарына байланыштуу көйгөйлөр жаралып, жарандык коомдун ишин чектеген мыйзамдар кабыл алынып жатканда келди.

Баш катчы чөлкөмдөгү сапарын Өзбекстандан баштады. Ташкентте өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту. 3-июлда Кыргызстандагы иш сапары жыйынтыкталган соң Казакстанга барып, 4-июлда Астанада өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде сөз сүйлөйт.

Гутерриш Тажикстан менен Түркмөнстанга да барат. Сапар алдында чет өлкөдөгү тажикстандык оппозициячыл кыймылдар баш катчыга кайрылып, аны Дүйшөмбүдөгү жолугушууларында тажик саясий туткундарынын маселесин көтөрүүгө чакырган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG