Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

Түркияда сириялык качкындарга каршы чыккан 474 киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын Кайсери провинциясында 1-июлга караган түнү жергиликтүүлөр аймактын төрт районунда жашаган сириялыктардын үйлөрүн, дүкөндөрүн жана жеңил автоунааларын талкалаганы кабарланган.

Өлкөнүн ички иштер министри Али Йерликая 2-июлда качкындарга каршы чыккан 474 жергиликтүү кармалганын, алардын жарымы буга чейин түрдүү кылмыш иштерине кирептер болгонун Х баракчасына жазды.

"Чагымга алдырбайлы. Ойлонуп иш кылалы. Мыйзамсыз жол менен кишилерге, айлана-чөйрөгө, мүлккө зыян келтирип, кылмыш кылбайлы", - деп жазды түрк аткаминер. Ал буга чейин Кайсери провинциясындагы ызы-чууда 10 полиция кызматкери жараат алганын кабарлаган.

Президент Режеп Тайып Эрдоган Кайсеридеги талкаланган үй-жайлар тууралуу сүйлөп жатып, "Вандализмге жол берилбейт" деген.

Чыңалуу 30-июнда сириялык качкын жашы жете элек кызга ыдык көрсөткөнү тууралуу жаңылык социалдык тармактарда тарагандан кийин башталган. Жүздөгөн жергиликтүү калк көчөгө чыгып, качкындарга жана түрк бийлигине нааразылыгын билдирген.

Түркиядагы оппозициячыл партия мүчөлөрү бийлик миграция саясатын тыкыр көзөмөлгө алышы керектигин билдиришүүдө. Ал эми социалдык тармактарда өлкөдөгү качкындарга каршы маанай кескин күчөгөнү талкууланууда.

Түркия дүйнөдөгү качкындарды көп кабыл алган өлкөлөрдүн сап башында турат. Учурда өлкөдө 4 миллион 800 миң качкын баш калкалайт. Анын 3 млн 700 миңи сириялыктар.

Өлкөнүн Миграция башкармалыгынын маалыматында, мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалган чет өлкөлүктөрдүн саны жыл сайын өсүүдө.

2005-жылы 57 428 мигрант мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалса, 2023-жылы бул көрсөткүч 232 746га жеткен.

Акыркы 18 жылда дээрлик 2,5 миллион мигрант кармалып, депортация болгон. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG