Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:23

Чүйдө 3,5 баллдык жер титирөө болду


Эл аралык Сейсмикалык эскертүү системасынын маалыматына ылайык, 2-июлда, саат 16:17де Кыргызстандын Чүй облусунун аймагында магнитудасы 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүү эл жашаган аймактарда сезилген эмес.

Сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кошумча маалымат берилерин кабарлады.

28-июнь күнү саат 15:18те күчү 3,5 баллдык жер титирөө Бишкекте катталган. 22-июнда очогундагы магнитудасы 4,4 баллга жеткен жер титирөө Ысык-Ата районунан 8 чакырым алыс аймакта болгону кабарланган.

Аталган институт 21-июнда Ысык-Көл облусунун аймагында 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун маалымдаган.

19-июнда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда очогундагы күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгон.

23-январга оогон түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталып, силкинүүнүн толкуну Казакстанда жана Кыргызстанда да катуу сезилген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG