Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:37

Казакстандык саясат талдоочу кол салуу аракетине кабылганын билдирди


Димаш Алжанов.
Димаш Алжанов.

Казакстанда саясат талдоочу Димаш Алжановго кол салуу аракети болгонун бүгүн 2-июлда «Азаттыктын» казак кызматы жазды. Өзүнүн айтымында, ага белгисиз бирөөлөр Алматы шаарында үйүнүн кире беришинде кол салууга аракет кылышкан.

Окуя шейшембиге караган түнү болгону, эки киши машине менен келип короого токтогону, «Димаш, бул сенсиңби?» деп сурап, ага каршы күч колдонууга аракет кылышканы маалымдалды.

Алжанов полицияга арыз жазганын билдирди. Видео көзөмөл камерасына тартылган тасмадан эки киши ал жашаган коргоого келип, анан качып кетишкенин көрүүгө болот.

Димаш Алжанов – Казакстандын ички жана тышкы саясаты, Астана менен Москванын алакасы, өлкөдөгү саясий абал, активисттердин куугунтукка алынышы, коомчулукта кызуу талкуу жараткан сот иштери тууралуу өз оюн ачык айтып жүргөн саясат талдоочу.

Казакстандык белгилүү оппозиционер активист жана журналист, мекенинде коопсуздугуна коркунуч жаралгандыктан он жыл мурда Украинага көчүп кеткен Айдос Садыковго эки апта мурда Киевде кол салуу болгон. Өткөн түнү ал көз жумганын жубайы тастыктады. Аны атып кеткендер казак жарандары экени айтылууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG