Футбол: Кыргызстан - Иран, Катар, Өзбекстан, БАЭ жана Түндүк Корея менен ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы.

Кыргызстандын футбол курамасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын кийинки баскычында Иран, Катар, Өзбекстан, БАЭ жана Түндүк Корея курама командалары менен беттешет. Бул тууралуу бүгүн Куала-Лумпурда өткөн чүчүкулакта белгилүү болду.

Азия чөлкөмүндөгү үчүнчү айлампага чыккан 18 курама ФИФА рейтингине ылайык, 6 торчого бөлүнүп, чүчүкүлактын негизинде үч тайпага бөлүндү. Бул баскычтын оюндары ушул жылдын сентябрь айында башталат. Тайпалардын тизмеси:

A тайпасына Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), Кыргызстан, Түндүк Корея,

В тайпасына Түштүк Корея, Ирак, Иордания, Оман, Палестина, Кувейт,

С тайпасына Жапония, Австралия, Сауд Арабиясы, Бахрейн, Кытай, Индонезия,

Бул раундда 18 курама алтыдан үч тайпага бөлүндү. Оюндар үйдө жана конокто өтүп, тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар түз эле Дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген алты команда төртүнчү баскычта ич ара эки тайпага бөлүнүп ойноп, уткан эки команда чемпионатка жолдомо алат.

2026-жылы АКШ, Мексика жана Канадада өтө турган Дүйнө чемпионатына биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2025-жылдын ноябрь айында жыйынтыкталат. Бул жолу Азия чөлкөмүнөн сегиз командага мүмкүнчүлүк берилген.

Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына такай катышып келген курамалар - Түштүк Корея (он бир жолу), Жапония (жети жолу), Австралия, Иран, Сауд Арабия (алты жолу), Түндүк Корея (эки ирет), Индонезия, Кувейт, Ирак, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай жана Катар (бир ирет). (GT)

Дагы караңыз

Эл артисти Сагынбек Ишенов акка моюн сундуДепутат Кадырбеков футбол чемпионатында кумар оюнун жарнама кылбоону талап кылдыЫсык-Көлдө түрк мамлекеттеринин бизнес-инвестициялык форуму башталдыПарламент репрессия курмандыктарын актоо долбоорун колдодуОшто “Хизб ут-Тахрир” уюмунун лидерлери жана мүчөлөрү кармалдыЖК кыргыз тилин билгендерди гана сот кылып дайындоо документин кабыл алды Депутат Масалиев ЖКда мыйзам, токтомдор талкуусуз өтүп жатканын сындадыКыргызстанда 100 миңден ашык ККМ машиналары колдонулуп жатат“Эргүү” улуттук театр сыйлыгы тапшырылды