Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Ысык-Көлдө түрк мамлекеттеринин бизнес-инвестициялык форуму башталды


Уюмдун эн белгиси
Уюмдун эн белгиси

27-июнда Ысык-Көлдө түрк мамлекеттеринин бизнес-инвестициялык форуму ишин баштады. Иш-чарага Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери катышууда. Ошондой эле байкоочу өлкөлөр: Венгрия, Түндүк Кипр жана Европа палаталарынын өкүлдөрү келишти.

Форумдун алкагында кол өнөрчүлөрдүн жана Кыргызстанда өндүрүлгөн буюмдардын көргөзмөсү өттү. Иш-чараны уюштурууга Министрлер кабинети, Кыргызстандагы аккредитацияланган өлкөлөрдүн элчилери, ишкерлер колдоо көрсөтүштү.

Көргөзмөдө Кыргызстандын маданиятын жана салттарын чагылдырган кол өнөрчүлүк, улуттук кийимдер, зергер буюмдар, текстиль жана тамак-аш азыктары коюлду.

Форумда түрк мамлекеттери Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгүн талкуулап, экологиялык нукура азыктарын сыртка сатуу, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана башка маселелерди карашат.

Мындан тышкары Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын түрк тилдүү мамлекеттер аймагында сатылышы жөнүндө да сөз болот.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG