Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:32

Ошто “Хизб ут-Тахрир” уюмунун лидерлери жана мүчөлөрү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Ош шаарында Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун 30га жакын лидерлери жана активдүү мүчөлөрү кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, алар Ошто жашыруун жыйналыш өткөрүү учурунда колго түшкөн. Кармалгандардын үйлөрү тинтүүгө алынып “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” уюмуна таандык китеп, баракча жана электрондук жабдыктар табылган. Андан тышкары мыйзамсыз сакталган курал жана ок-дарылар алынган.

Тергөөдө 16 адамга кылмыш иши козголуп 14 адамдын иши соттук кароого жиберилген. Беш киши боюнча кошумча тергөө улантылууда.

Сот 2003-жылдан бери баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында тыюу салган. Ага “Йакын инкар”, “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшүл-Махди”, “Ансару л-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген. (BTo/DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG