27-июнда Жогорку Кеңеш советтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Документ 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандарды реабилитация кылуу үчүн жазылган.
Долбоордо 1918-1924-жылдардагы “кызыл террор” жана 1929-1953-жылдардагы сталиндик репрессия мезгилиндеги окуяларды түшүнүүгө жана аларга саясий баа берүүгө убакыт келгени жазылган. Бирок бул жылдар аралыгында саясий жана диний ишеними үчүн, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынган, өлтүрүлгөн миңдеген адамдар ушул күнгө чейин толук акталып, реабилитация боло электиги белгиленген.
Документтин авторлорунун бири, депутат Жанар Акаев буга чейин мыйзам долбоору советтик репрессиянын курмандыктарын сот аркылуу актоого мүмкүнчүлүк берерин айткан. Ал эми парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңеш тарыхый чечим кабыл алганын билдирди.
“Бул абдан маанилүү мыйзам. Ушул күнгө чейин убагында адилетсиздиктен жапа чеккен, каза болгон ата-бабаларыбыздын урактарына маанилүү тарыхый чечим болду. Себеби, биздин кошуна өлкөлөр жыл сайын 200-300дөн репрессия курмандыктарын актап атат. Биз буга чейин бул ишти жасаган эмеспиз”, - деди ал.
Президент мыйзам долбооруна кол койсо ушул күнгө чейин жашыруун делип Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) архивинде сакталып, тарыхчылардын колу жетпей келаткан архивдик документтер Мамлекеттик архив кызматына өткөрүлүп берилет.
1937-38-жылдары күч алган репрессияда Кыргызстандан 20 миңден 40 миңге чейин адам өлүм жазасына тартылганы ар кандай булактарда айтылат.
Ошол кездеги коомдук ишмерлер Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлүнө да “эл душманы” деген айып коюлуп, 1938-жылы 5-8-ноябрь күндөрү атууга кеткен. Бирок алардын кайсы жерге көмүлгөнү ондогон жылдар бою белгисиз болуп келди. Алардын сөөгү көмүлгөн жер 50 жылдан ашык убакыттан кийин гана дайын болгон.
Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго жакыны атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары өз жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлү жарым-жартылай кабылган. (BTo)