Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Депутат Кадырбеков футбол чемпионатында кумар оюнун жарнама кылбоону талап кылды


Кумар оюндарынын бир түрү. Иллюстрациялык сүрөт.
Кумар оюндарынын бир түрү. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков 27-июндагы жалпы отурумда Европа футбол чемпионатын теледен көрсөтүп жатып, кумар оюндарын жарнамалап жатканына нааразылыгын билдирди. Депутат бул тууралуу мурда дагы президенттин парламенттеги өкүлүнө айтканын, бирок жарнама алигүнчө уланып жатканы белгиледи. Кадырбеков баш прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаевадан мыйзамга көзөмөл кылган органдын өкүлү катары мыйзамсыздыкты токтотууну талап кылды.

"Мен президенттин өкүлүнө айтсам, ал кат даярдап жатабыз деди. Таз тарангыча той таркайт дегендей силердин катыңар жеткенче оюн бүтөт. Ал убакта кумар оюнун каалагандай жарнамалап жатышат. Мыйзамга көзөмөл кылган орган катары - Башкы прокуратура тыюу салгыла", - деди Нуржигит Кадырбеков.

Депутаттын сөзүнө Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жооп берип, Кыргызстан футбол эфирин сатып алганын, андагы жарнамага тиешеси жоктугун билдирди. Бирок бул үчүн спикер Нурланбек Шакиевден сын укту.

"Данияр мырза, урматтуу министр, сиздин бул жообуңуз үчүн сизди жоопкерчиликке тартса болот. Мыйзамдын аткарылышын так сактабаганыңыз үчүн. Аны көзөмөл кылган министр сизсиз. Мыйзам аткарылышы керек", - деди Шакиев.

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионаты 14-июнда башталган. Оюндарды Улуттук телерадиокорпорациянын Спорт каналы түз алып көрсөтүүдө. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG