Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Кыргызстанда 100 миңден ашык ККМ машиналары колдонулуп жатат


Көзөмөл-кассалык машина (ККМ).
Көзөмөл-кассалык машина (ККМ).

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстанда 100 миң 32 көзөмөл-кассалык машиналары (ККМ) колдонулуп жатканын кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, акыркы үч жылда ККМ колдонгондор 82 миң 600гө көбөйгөн.

Кыргызстандын бийлиги жаңы салыктык реформалардын алкагында 2024-жылдын 1-январынан тартып соода ишмердиги үчүн патентти жоюп, бул тармакта иштегендерди жаңы жылдан баштап башка ыкмага өтүүгө чакырып жаткан. Алып-сатуу менен алектенгендер жалпы салыктык режимин же атайын салыктык режимин тандап, сөзсүз түрдө көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонушу керек эле.

Бул мөөнөт жакындаган маалда – 2023-жылдын ноябрынын аягында жана декабрынын башында Кыргызстандагы базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан.

Ушундан улам ККМди милдеттүү колдонуунун мөөнөтү быйыл 1-июлга чейин жылдырылган.

Президент Садыр Жапаров 6-июнда ишкерлер менен көзөмөл-кассалык машинаны (ККМ), электрондук коштомо кагазды (ЭТТК), электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча жолугушуу өткөргөн. Мамлекет башчы салык органдарынын кызматтарын санариптештирүү көмүскө экономиканы азайтууга, мамлекет менен ишкерлердин ортосундагы ишенимди бекемдөөгө жана өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга багытталганын айткан.

Июнь айында “Дордой Дыйкан”, “Ош базары” жана “Азиз” базарынын соодагерлери электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы нааразылык акцияга чыгышкан.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG