Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Эл артисти Сагынбек Ишенов акка моюн сунду


Сагынбек Ишенов ортодо.
Сагынбек Ишенов ортодо.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, алгачкы кыргыз мультипликатору Сагынбек Ишенов 90 жашында акка моюн сунду. Бул тууралуу “Азаттыкка” коомдук ишмер, алыкултаануучу Памирбек Казыбаев билдирди.

Анын айтымында, Ишенов менен коштошуу зыйнаты эртең, 28-июнда саат 09:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында өтөт.

Режиссёр-мультипликатор көп жылдар бою "Кыргызфильм" киностудиясында эмгектенип, ондогон тасманын сүрөтчүсү болгон. Режиссёр катары "Сандардын чатагы", "Космонавттар көчөсү", "Эң тил алчаак", "Олокон", "Меке чал жана кара дөө", "Эки коён", "Портрет" тасмаларын жараткан. Мындан сырткары Москвадагы Станиславский атындагы театрда "Саманчынын жолу" спектаклинин декорациясын жасаган.

Мындан эки жыл мурун, 2022-жылдын май айында Чүйдүн Дөң-Арык айылында жайгашкан Калча орто мектебинде Сагынбек Ишеновдун тарыхый- этнографиялык музейи ачылып, бир топ сүрөттөрү коюлган. Ачылышка сүрөтчү жана кинорежиссер, кыргыз улуттук анимациясынын негиздөөчүсү Сагынбек Ишенов өзү, ошол кездеги Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана башка бир катар маданий ишмерлер, жергиликтүү тургундар катышкан. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG