Бишкекте Бангладештин 56 жаранына 100 миң сомго чукул айып салынды

Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөндөргө каршы рейд. Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы борбордо мыйзамсыз иштеп, жашап жүргөн жана Кыргызстандын мыйзамдарын бузган деген негиз менен Бангладештин 56 жаранына 99 миң сом айып салды.

Мекеме аларга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуу” беренеси менен 18 административдик протокол түзүлгөнүн билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 25-июнда Кыргызстанда мыйзамсыз жүрөт деген негиз менен Пакистандын 33, Бангладештин 12 жараны мекенине депортация болгонун кабарлаган.

Июндун башында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш күчөтүлгөнүн билдирген. Анын алдында Бишкекте Пакистандын жарандары сабалган калайман мушташ катталып, Бишкек менен Исламабаддын ортосунда тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр болгон.

Кыргызстанда Пакистан, Индия, Бангладеш өлкөлөрүнөн келген жаштар соңку беш жылда көбөйгөн. Айрымдары медициналык окуу жайларда билим алат, кээ бирлери мигрант катары тигүү, тейлөө тармагында иштешет. (BTo)

Дагы караңыз

Зеленский фронттун кармаш жүрүп жаткан тилкесине барды Сеул аэропорту Түндүк Корея учурган "таштанды шарынан" улам үч саат иштебей турду26-июнь: Президент Жапаров карындашы үчүн кечирим сурады, Тажикстанда бүбү-бакшы камалатКазакстанда менчик бала бакчада жапырт уулануу катталдыБишимбаевдин өкүмү өзгөрүүсүз калтырылдыӨзбекстанда "жагымсыз чет элдиктер" мыйзамы төмөнкү палатада жактырылды