Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:18

Зеленский фронттун кармаш жүрүп жаткан тилкесине барды


Зеленский фронттогу аскерлер менен жолукту. 2024-жылдын 26-июну.
Зеленский фронттогу аскерлер менен жолукту. 2024-жылдын 26-июну.

Украин президенти Владимир Зеленский 26-июнда фронттун кармаш жүрүп жаткан тилкесине барып, жоокерлер менен жолукканын, кырдаал менен жеринен таанышып, маалымат алганын билдирди. Социалдык түйүндөргө ал Донецк облусунун Покровск шаарынан түшкөн видеосун жарыялап, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Бириккен күчтөрүнүн жаңы командачысы Андрей Гнатов катышкан жыйын өткөргөнүн айтты.

"Бул күндү Донецк облусунда жоокерлерибиз, башкы командачы Сырский жана Бириккен күчтөрдүн жаңы командачысы генерал Гнатов менен баштадым. Донецк облусундагы бардык коргонууга жооптууларга Андрей Гнатовду расмий тааныштырдым. Жаш болсо да бизге анын фронттогу алган жөндөмү жана тажрыйбасы керек», - деген Зеленский ага «оккупанттарды жок кылуу» жана өз аскерлеринин өмүрүн болушунча көбүрөөк сактап калуу талабы коюлганын кошумчалады.

Гнатов буга чейин «Юг» аскердик тобунун штаб башчысы болгон, Бахмутту коргоо операциясын жетектеген.

Зеленский Киевге барганда өкмөттүн жооптуу жерлерге жарым жылдап, айрым учурларда андан да көп убакыттан бери барбай жүргөнү айтылган айрым өкүлдөрү менен сүйлөшөрүн убада кылды.

Украинанын Башкы штабынын 26-июндагы маалыматына караганда, фронттун Харьков багытында азыркы тапта орус армиясы Волчанск айланасында эки жерден чабуул коюуда.

Покровск багытында кечээтен бери 13 жолу кагылыш болгону, орус аскерлери Новоалександровка, Воздвиженка, Прогресс, Евгеньевка, Сокол жана Новоселовка кыштактарында басым жасап жатканы, кырдаал украин тараптын көзөмөлүндө экени маалымдалды.

Мындан тышкары Северск, Краматорск, Купянск, Курахово, Орехово жана Лиман багыттарында да Орусиянын активдешүүсү бар экени кабарланды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG