ЖК улуттук банктын төрагасы Бөкөнтаевдин кызматтан кетүү арызын колдоду

Кубанычбек Бөкөнтаев.

Жогорку Кеңеш 26-июндагы отурумунда Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевди башка жумушка которулуп жатканына байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын колдоду.

Ал бул кызматка 2021-жылы дайындалган. Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындала турганы айтылууда. Бул маалыматты “Азаттыкка” Министрлер кабинетиндеги булактар ырастады.

Кубанычбек Бөкөнтаев 1992-жылы эмгек жолун Улуттук банктын Валюталык башкармалыгында экономист кызматынан баштаган. 1998-2002-жылдары коммерциялык банктарда иштесе, андан кийин “Кыргызстандын банк кабарчысы”, “Банкир”, “Экономика. Банктар. Бизнес” аттуу гезит-журналдарда жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Ортодо “Сорос-Кыргызстан” фондунда, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасында (ПРООН), Кредиттик союздарды өнүктүрүү боюнча финансылык компанияда (ФКПРКС) иштеп турган.

Ал 2006-жылы, ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. 2010-жылы Апрель окуясы учурунда Убактылуу өкмөттүн каржылык аракеттери жөнүндө билдирүүсүнөн кийин декрет менен кызматтан алынган.

Башкы прокуратура ошол кезде Улуттук банктын жетекчилигин “АзияУниверсалБанктын” ячейкаларынан 3 млрд сом жоголгону үчүн айыптаган. Кубанычбек Бөкөнтаев бул айыптоолорду четке кагып, Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөт өзү коротуп салган акчаны мойнуна илип, кылмыш ишин козгогонун айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров карындашы Лаззат Нургожоева үчүн элден кечирим сурадыСелден улам бир райондо жана үч айыл өкмөттө өзгөчө кырдаал режими жарыяланды Ассанж күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алганы үчүн бошотулдуБритания: 13 жаштагы бейтаптын баш сөөгүнө нейростимулятор кадалды25-июнь: Сотто Аскат Жетигенге сегиз жыл жаза суралды, Дагестанда кол салууда окко учкандар 21ге жеттиГазада Исмаил Ханиянын жакын туугандары жок кылынганы маалымдалды