Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:43

25-июнь: Сотто Аскат Жетигенге сегиз жыл жаза суралды, Дагестанда кол салууда окко учкандар 21ге жетти


Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотунда. 25-июнь, 2024-жыл.
Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотунда. 25-июнь, 2024-жыл.

25-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Прокурор Аскат Жетигенди сегиз жылга кесүүнү сурады

Бишкектин Свердлов райондук сотунда прокурор судьядан акын жана активист Аскат Жетигенди “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен төрт жыл, “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси менен алты жыл чегерип, жалпы сегиз жылга абакка кесүүнү сурады. Акын акыркы сөзүндө коюлган айыпты четке какты. Кийинки отурум 1-июлда болот жана анда өкүм чыгышы мүмкүн. Аскат Жетиген социалдык тармактардагы бийликти сындаган билдирүүлөрүнө байланыштуу март айынан бери камакта жатат.

Украинадагы согушка катышкан деп айыпталган Бөрүгул уулу абактан чыкты

“Вагнер” жеке менчик компаниясы менен Украинадагы согушка катышкан деген айып менен соттолгон Бекназар Бөрүгул уулунун жаза мөөнөтү кыскартылып, абактан чыкканы белгилүү болду. Нарын облустук сотунун маалыматына ылайык, президенттин 2024-жылдын 31-январындагы “Соттолгондорго ырайым кылуу жөнүндө” жарлыгы боюнча Бекназар Бөрүгул уулунун беш жылдык жазасы төрт жыл эки айга азайтылып, ырайым кылынган. Нарын шаардык соту аны былтыр 5-октябрда беш жылга абакка кескен. Ош облусунун Араван райондук соту ушул жылдын 10-майында Украинадагы согушка Орусиянын аскерлеринин катарында катышкан деген шек менен М.у.К. аттуу адамды беш жылга абакка кескени белгилүү болгон. Ушундай эле айып менен соттолгон дагы бир адам пробациялык мөөнөт менен бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен.

ЖМК боюнча жаңы долбоор иштелип чыкты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору тиешелүү мамлекеттик органдар, медиакоомчулук менен бирге толукталып иштелип чыкканын билдирди. 13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылган. Расмий маалымат боюнча, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Эгерде Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи вариантында кабыл алынса, ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, аны Юстиция министрлиги жүргүзмөк.

Сот Райымбек Матраимов камакта калтырды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-июнда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 26-августка чейин узартты. Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген. Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Дагестандагы кол салуудан каза тапкандар 21ге жетти

25-июнга караган түнү ооруканада полиция кызматкери, 24 жаштагы Нариман Насруллаев көз жумганын Дербент районунун башчысы Мавсум Рагимов жазды. Ага 23-июндагы кол салууда ок тийген. Бул күнү куралчан бир нече киши борбор калаа Махачкаладан 130 чакырым турган Дербент шаарында чиркөөгө жана синагогага кол салып, андан кийин кароолчуларга, полиция кызматкерлерине жана көчөдөгү адамдарга ок чыгарышкан. Храмда 40 жылдан бери кызмат кылып келе жаткан протоиерей Николай мууздалганы кабарланган. Окко учкандардын 15и полиция кызматкери, жараат алгандар 46 киши экени буга чейин маалымдаган. Кылмыш иши «теракт» жана «мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү» беренелеринин негизинде козголгон.

WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Ассанж күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алганы үчүн бошотулду

52 жаштагы Ассанж тыңчылык тууралуу коюлган айыптагы пункттардын бири боюнча күнөөнү мойнуна алып жатканы, териштирүүнү АКШ соту жүргүзөрү, түрмөдө өткөргөн беш жылды сот жаза мөөнөтү катары эсепке алары, ошондон кийин ал Австралияга кайтып барары маалымдалды. 2019-жылы АКШнын федералдык прокуратурасы Австралия жараны Ассанжга «тыңчылык» тууралуу 17 жана америкалык аскерлердин Ирак менен Ооганстандагы жоруктары тууралуу купуя маалыматтардын жарыяланышына байланыштуу «компьютерди мыйзамсыз колдонгон» деген бир айып тагылган. Баштапкы жаза чарасы боюнча ага АКШда 175 жыл чегерилмек. Ассанж 2012-жылдан тартып Эквадордун Британиядагы элчилигинде башпаанектеп жүрдү.

Украина казакстандык журналист Айдос Садыковго кол салууга шектүүлөрдү Казакстандан экстрадициялоо аракетин баштады

Казакстандын жараны, Украинада качкын макамында жашап жаткан Садыковго кол салуу Киевде быйыл 18-июнда, өзү жашаган үйдүн короосунда болгон. Бул үчүн эки казакстандык жаран шектелүүдө. Алар, украин тарап билдиргендей, ошол эле күнү Украинадан чыгып кеткен. Экөөнө тең эл аралык издөө жарыяланган. Украинанын Башкы прокуратурасы 20-июндагы маалыматында кылмышка 36 жаштагы Алтай Жаканбаев жана 33 жаштагы Мейрам Каратаев шектелип жатканын, кылмыш иши «буюртма боюнча алдын ала сүйлөшүп, топтошуп алып адам өлтүрүүгө аракет кылуу» деген берене менен козголгонун билдирген. Жаканбаев Казакстандын күч органдарына өзү барып колго түшкөнүн коңшу өлкөнүн Башкы прокуратурасы 21-июнда кабарлаган.

Британияда 13 жаштагы бейтаптын баш сөөгүнө нейростимулятор кадалды

Талма оорусунун (эпилепсия) оор формасына чалдыккан 13 жаштагы Оран Ноулсон дүйнөдө баш сөөгүнө атайын нейростимулятор орнотулган алгачкы бейтап болуп калды. Талмасы кармаган учурда мээге таасир этип, көзөмөлдөй турган прибордун жардамы менен, дарыгерлерге таянып Би-Би-Си жазгандай, мээнин түпкүрүнө сигналдар жөнөтүлүп, бейтаптын абалын кыйла жеңилдетүүгө өбөлгө болууда. Клиникалык изилдөө алкагындагы хирургиялык операция Лондондогу балдар ооруканасынын биринде былтыр октябрда жасалган. Нейростимуляторду британиялык Amber Therapeutics компаниясы ойлоп таап, чыгараган. Буга чейин бул приборду бейтаптын төшүнө орнотушчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG