Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:38

Газада Исмаил Ханиянын жакын туугандары жок кылынганы маалымдалды


Исмаил Хания.
Исмаил Хания.

Газа секторунда бүгүн 25-июнда Израилдин аба соккуларынан түндүк тилкедеги ал-Шати качкындар лагеринде кеминде 13 адамдын өмүрү кыйылганын жергиликтүү булактарга таянып бир катар маалымат агенттиктери жазышты. AFP агенттигинин маалыматына караганда, каза болгондор арасында ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун башчыларынын бири Исмаил Ханиянын бир тууган карындашы Захр Хания жана башка жакын туугандары бар.

Быйыл апрель айында Ханиянын дагы бир карындашы, 57 жаштагы Зеба Хания Тел-Шевадагы үйүнөн «ХАМАСтын согушкерлери менен байланышта болгон, террордук уюмга мүчө болгон жана козуткан» деген шек менен кармалган. Тинтүү жүргүзүлгөндө анын үйүнөн жүз миңдеген шекел накталай акча табылганы кабарланган.

Бир нече күндөн кийин Зеба Ханиянын үч уулу жана төрт небереси жок кылынганы маалымдалган. ЦАХАЛ (Израил армиясы) Ханиянын уулдары өлтүрүлгөнүн тастыктаган.

62 жаштагы Исмаил Хания өзү Катарда жашайт.

Израил соңку соккусу согушту козуткандарга жана адамдарды барымтада кармоого шектүүлөргө каршы урулганын билдирди. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газадагы аскердик операциясынын активдүү фазасы аяктап баратканын, аскерлердин айрым бөлүгү өлкөнүн түндүгүндөгү Ливан менен чектеш тилкесине которуларын, бирок ХАМАСты жок кылмайынча жана барымтадагыларды бошотмоюнча чабуулдары улана берерин 23-июнда билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG