Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:27

Садыр Жапаров карындашы Лаззат Нургожоева үчүн элден кечирим сурады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров карындашы Лаззат Нургожоеванын социалдык тармактарда тараган видеосу тууралуу 26-июнда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине комментарий берди.

Мамлекет башчы маегинде “ысырапкорчулукту токтотууда президенттин жакындары башкаларга үлгү болушу керектигин” айтып “жок дегенде болочок күйөө бала ушул демилгемди колдоп, ойлонсо деле болмок. Президенттин жакыны болгон атса, элдин сынына кабылбайын, президентти да сынга кабылтпайын деши керек эле. Жаштык кылып койду деп ойлойм” деген президент, карындашы үчүн элден кечирим сурады.

“Баягы элибиздеги “Күлгөнгө күлө жетем” деген сөздүн калети жок экен. Мурда башкаларды сындап койчу элем. Эми өз башыма келип олтурат. Ал эми акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм. Ал дагы элдин сын-пикирин угуп жатат, алардан туура жыйынтык чыгарат деп ишенем. Анын үстүнө турмуш жолуна аттанып, үй-бүлө курганы турат, эми баарын алдын ала акыл калчап иш кылышат деп үмүттөнөм”, - деди Садыр Жапаров.

24-июндун кечинде Лаззат Нургожоева жигити Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) ижарага алынган тик учагы менен келип колун сураганын жана автоунаа менен гүл алып келгени тартылган виделорду социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Коомчулукта бул ашыкча чыгым экени айтылып, сынга кабылды.

Президент Садыр Жапаров буга чейин Министрлер кабинетинин жыл жыйынтыгын чыгарган отурумунда ашыкча чыгым кылган аткаминерлер бар экенин сындап, аларды ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө элге үлгү болууга чакырган.

Президент 2022-жылдын 24-февралында “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда чектөөлөр ашыкча чыгымга жол бербөө максатында ишке кире турганын түшүндүргөн.

Ага улай президент бул жарлык боюнча Фейсбук баракчасында комментарий берип, өлүм болгон үйдө мал союлушуна тыюу салган талап колунда барына, же жогуна карабай баарына бирдей колдонуларын эскерткен.

Лаззат Нургожоева президент Садыр Жапаровдун карындашы. Ал 2020-жылы Кыргызстанда сулуулар сынагын жеңип алган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG