Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:57

Британия: 13 жаштагы бейтаптын баш сөөгүнө нейростимулятор кадалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуу Британияда талма оорусунун (эпилепсия) оор формасына чалдыккан 13 жаштагы Оран Ноулсон дүйнөдө баш сөөгүнө атайын нейростимулятор кадалган алгачкы бейтап болду. Талмасы кармаган учурда мээге таасир этип, көзөмөлдөй турган нейростимулятордун жардамы менен, дарыгерлерге таянып Би-Би-Си жазгандай, мээнин түпкүрүнө сигналдар жөнөтүлүп, бейтаптын абалы кыйла жеңилдешине өбөлгө болууда.

«Өспүрүмдүн талмасы кармаган учурлары болжол менен беш эсе кыскарды», - деп айтылды макалада.

Клиникалык изилдөө алкагындагы хирургиялык операция Лондондогу балдар ооруканасынын биринде былтыр октябрда жасалган.

Оран CADET долбоору алкагында дарыланууда. Бул долбоор талманын оор формасы менен ооруган бейтаптардын мээсинин түпкүрүнө электрод аркылуу таасир этүү ыкмасы канчалык коопсуз жана натыйжалуу экендигин баалоо максатында ишке ашырылууда.

Жаңы нейростимуляторду британиялык Amber Therapeutics компаниясы ойлоп тапкан жана жасаган.

Мындай ыкма эпилепсияга чалдыккан балдарды дарылоо үчүн буга чейин да колдонулчу, бирок приборду бейтаптын төшүнө орнотушчу.

Оран эч кандай ыңгайсыздык сезбегенин, аппараттын батареясын башына атайын кулакчын тагынып толтуруп аларын, ошол учурда башка иштер менен деле алектенсе болорун айтып берген.

Ушундай эле тажрыйба азыркы тапта дагы үч бала менен жүргүзүлүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG