Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:49

Селден улам бир райондо жана үч айыл өкмөттө өзгөчө кырдаал режими жарыяланды


Селден кийинки көрүнүш. Кадамжай району.
Селден кийинки көрүнүш. Кадамжай району.

24-июндагы селден улам Кадамжай районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, табият кырсыгынын кесепетин жоюу, зыяндарды тактоо иштери уланууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Аталган райондо дүйшөмбүдөгү селде беш жашар бала каза болгон. Үйүнүн ичине чейин суу каптаган 39 үй-бүлө туугандарыныкында убактылуу баш пааналап турушат.

Ошондой эле Ноокендин Эргеш Алиев, Лейлектин Катыраң жана Баткендин Ак-Татыр айыл өкмөттөрүндө да өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

24-июнда кечке жуук Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен райондорунда сел үйлөрдүн короолорун, тамарка жана эгин талааларын каптаган. Таластын Бакай-Ата районунда болсо нөшөр жана мөндүрдөн айыл чарба талаалары зыян тартты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүргөн аймактардан миңден ашуун үйдүн тургундары коопсуз жакка чыгарылганын, сел токтогондон кийин бир тобу үйлөрүнө кайтканын билдирген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG