Ысык-Көлдүн бийлиги лаванда талаасы боюнча ишкердин кайрылуусуна жооп берди

“Азаттык” 2022-жылы Айсулуу Дүйшөбаеванын лаванда талаасын тартып келген.

Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда жайгашкан жерде лаванда өстүргөн ишкер Айсулуу Дүйшөбаева анын үч гектар жерин мамлекет Асман шаарын куруу үчүн алып жатканын айтып, коомчулукка кайрылды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалыматты ырастап, Айсулуу Дүйшөбаева үч гектар жердин 20 сотыхына лаванда өстүрүп жатканын билдирди. Мамлекет Асман шаары түшө турган жерди базар баасында сатып алууга даяр экенин кошумчалады. Губернатордун басма сөз кызматы мамлекеттин муктаждыктары үчүн алына турган жерлер менчик ээлеринин укуктарын сактоо менен мыйзам чегинде жүргүзүлөрүн кошумчалаган.

Айсулуу Дүйшөбаева 2020-жылы Ысык-Көлдөн жерди кызыл китеби менен сатып алып лаванда өстүрүп, анын эфир майын Жапонияга эскпорттоо үчүн Jannat Garden компаниясын түзгөн. Ал мамлекет сунуш кылган кенемте лаванда өстүрүүгө кеткен чыгымдын 2% да жаппай турганын жазды.

Кыргызстандын бийлиги Ысык-Көлдүн жээгине экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар куруу дымагын 2021-жылы жай айында билдирген. Ошол эле жылы күздө өкмөт Асман шаарын куруу мамлекеттик дирекциясын түзгөн. Былтыр мартта жаңы калааны курулушун көзөмөлдөө милдети Президенттин иш башкармалыгына өткөн.

Садыр Жапаров 2023-жылы 30-июнда бул шаарды курууну баштоо аземине катышкан. Капсула салынгандан кийин курулуш токтоп калган.

Президент быйыл май айында Балыкчы шаарына барганда курулуштун токтоп калганын долбоорго өзгөртүүлөр киргизилгени менен түшүндүргөн, шаар салуу иши 10 күндөн кийин башталарын айткан.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүк кореялык компания 1 млрд доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, Асман шаары 500 миң кишиге ылайыкталат. (BTo)

Дагы караңыз

Дагестандагы кол салуудан каза тапкандар 21ге жетти Садыр Жапаров Брюсселде Евробиримдик менен кызматташтык тууралуу келишимге кол коёт Пакистандын 33, Бангладештин 12 жараны Кыргызстандан чыгарылды Москвада кармалган тажик жараны мажбурлап дарылоого жөнөтүлдү Карактоого айыпталган кыргыз жараны Польшадан экстрадицияландыКыргыз-өзбек өкмөт башчылары “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууну талкууладыАба ырайы: айрым аймактарда күн 38 градуска чейин ысыйтАссанж күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алганы үчүн бошотулду