Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Москвада кармалган тажик жараны мажбурлап дарылоого жөнөтүлдү


Аскар Бутаев
Аскар Бутаев

Орусияда храмдагы окуя үчүн кармалган теги тажикстандык жаран боюнча «мажбурлап дарылоого муктаж» деген чечим чыкты. Бул тууралуу Тергөө комитетинин Москва боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 20 жаштагы Аскар Бутаев «дин тутуу эркиндигине болгон укукту бузуп, коом үчүн кооптуу иш кылган» деп кармалган.

Кылмыш иши «динге ишенген адамдардын сезимдерин мазактоо» деген негизде козголуп, тергөө 24-июнда аяктаганы маалымдалды. Психологиялык-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгында «психикалык жабыркаган абалы ага жасаган аракетинин коом үчүн коркунучунун чыныгы мүнөзүн түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес» деген бүтүм чыкты.

Окуя 18-июнда Москвадагы «Ыйык аскердик адмирал Федор Ушаков храмында» болгон. Baza телеграм-каналы жазгандай, Бутаев храмдын ичинде жанып турган шамдардын баарын үйлөп өчүрүп салган жана ошол жерде турган аялдардын бирин түртүп, эшикке чыгып кеткен. 19-июнда сот аны камакка алуу чечимин чыгарган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG