Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Дагестандагы кол салуудан каза тапкандар 21ге жетти


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Орусиянын курамындагы Дагестан республикасында куралчан адамдардын кол салуусунан каза болгондор 21ге жетти. 25-июнга караган түнү ооруканада полиция кызматкери, 24 жаштагы Нариман Насруллаев көз жумганын Дербент районунун башчысы Мавсум Рагимов жазды.

Насруллаевге 23-июндагы кол салууда ок тийген.

Бул күнү колуна курал алган бир нече киши борбор калаа Махачкаладан 130 чакырымдай аралыктагы Дербент шаарында чиркөөгө жана синагогага кол салып, андан кийин кароолчуларга, полиция кызматкерлерине жана көчөдөгү адамдарга ок чыгарышкан. Храмда 40 жылдан бери кызмат кылып келе жаткан протоиерей Николай мууздалганы кабарланган. Жарым саат өтпөй ушундай эле кол салуу Махачкала шаарында болгон: белгисиз бирөөлөр чиркөөнүн жанында полиция кызматкерлерин аткылап, синагогага күйүүчү май куюлган бөтөлкө ыргытып, кайгуул-күзөт кызматкерлеринин машинесин бутага алган.

Каза болгондордун 15и полиция кызматкерлери, жараат алгандар 46 киши экени буга чейин маалымдаган.

Кол салгандардын бешөө жок кылынганы, алардын бири Дагестандын Сергокала районунун башчысы Магомед Омаровдун уулу, дагы бири жакын тууганы экени кабарланган. Бул окуядан кийин Омаров бийликтеги «Единая Россия» партиясынын катарынан дароо «партияны жаманатты кылды» деген негизде чыгарылган.

Кылмыш иши «теракт» жана «мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү» беренелеринин негизинде козголгон. Тергөөнү Орусиянын Тергөө комитетинин борбордук аппараты жүргүзүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG