Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:05

Пакистандын 33, Бангладештин 12 жараны Кыргызстандан чыгарылды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Кыргызстанда мыйзамсыз жүрөт деген негиз менен чет элдик 45 жаран депортацияланды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) алардын 33ү Пакистандын, 12си Бангладештин жарандары экенин билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, алар виза мөөнөтүнүн убактысы өтүп кеткенине карабай, Чүйдөгү канаттуулар фабрикасында иштеп жүргөн. Депортациялоо чечимин Ички иштер министрлиги чыгарды.

УКМК Кыргызстандык иш берүүчүлөрдү миграциялык мыйзамдарды так сактоого чакырды. Ошол эле учурда виза мөөнөтү өтүп кеткен чет элдиктерди иштетип жүргөн фабрика кимге таандык экени, аларга кандай чара көрүлөрү тууралуу эч нерсе айтылган жок.

Июндун башында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш күчөтүлгөнүн билдирген. Анын алдында Бишкекте Пакистандын жарандары сабалган калайман мушташ болуп, Бишкек менен Исламабаддын ортосунда тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр болгон.

Кыргызстанда Пакистан, Индия, Бангладеш өлкөлөрүнөн келген жаштар соңку беш жылда көбөйгөн. Айрымдары медициналык окуу жайларда билим алат, кээ бирлери мигрант катары тигүү, тейлөө тармагында иштешет. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG