Сот Райымбек Матраимовду 26-августка чейин камакта калтырды

Райымбек Матраимов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 27-март, 2024-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-июнда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 26-августка чейин узартты. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген.

Ош шаардык соту 11-майда Руслан жана Исламбек Матраимовдорду 18-июлга чейин тергөө абагында калтырган. Ош облустук соту 26-апрелде Тилек Матраимовду үй камагына чыгарган.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Биринчи май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Ал ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында камакта жатат.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Фрязинодо кеңседен чыккан өрттөн кеминде сегиз адам каза болдуУкраинадагы согушка катышкан деп соттолгон Бөрүгул уулу эркиндикке чыктыАраванда Украинадагы согушка катышкан деп шек саналган адам беш жылга соттолду“Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга бюджеттен дагы 1,5 млрд сом бөлүнөтКадамжайда беш жаштагы бала селге агып каза болдуЛейлекте селден кийинки калыбына келтирүү иштери жүрүүдө24-июнь: Украинадагы согушка катышкан деген жаран соттолду, Австралияда теги тажик илимпоз абактан чыкты