Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:34

“Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга бюджеттен дагы 1,5 млрд сом бөлүнөт


“Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) куруу иштерине болгон даярдык.
“Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) куруу иштерине болгон даярдык.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) куруу иштерине даярдык көрүүгө Финансы министрлиги бюджеттен дагы 1 млрд 500 млн сом бөлө турганын билдирди. Бул тууралуу ал 25-июнда парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында айтты.

Анын сөзүнө караганда, буга чейин долбоорду ишке ашыруу иштерин баштоого 1 млрд 555 млн сом бөлүнүп, ал сарпталды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча даярдык иштерине 44,1 млрд сом кетерин жана бул иш эки этапка бөлүнгөнүн кабарлаган. Өкмөт ГЭСти куруу үчүн 2024-2030-жылдарга мамлекеттик бюджеттен кошумча 500 млн доллар бөлүүнү пландап жатат.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.

ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат. Расмий маалыматка ылайык, ГЭСти курууга 4 млрд доллардан ашык каражат кетет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG