Улуттук банк “Аманбанктын” банктык лицензиясын жойду

“Аманбанк” коммерциялык банкынын имараттарынын бири. Архивдик сүрөт.

“Аманбанк” ачык акционердик коому “Аман кредит” микрофинансылык компаниясы катары кайра каттоодон өткөндүгүнө байланыштуу Улуттук банк анын банк катары лицензиясын алып, банктардын реестринен чыгарды. Бул тууралуу башкы каржы көзөмөл мекемеси өз сайтында кабарлады.

Улуттук банк “Аманбанк” коммерциялык банкына 2022-жылдын июлунда алты айга убактылуу администрация режимин киргизип, кийин аны дагы узарткан.

Кезинде мунун себептери түшүндүрүлгөн эмес. "Аманбанктын" өкүлдөрү да буга байланыштуу комментарий бере элек.

Убактылуу администрация – банктын ишин башкарууда көзөмөл органы тараптан киргизилген режим. Мындай чара кандайдыр бир кризистик маалда банктын активдерин, документтерин жана маалыматтарын сактоону камсыз кылуу максатында көзөмөл орнотуу үчүн колдонулат. Анын жыйынтыгында аныкталган көйгөй жоюлса, банкка ишин улантууга уруксат берилет, же лицензиясы алынат. Болбосо банк реструктуризацияга кабылышы ыктымал.

“Аманбанктын” лицензиясы алынышы менен Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзгөн 22 банк калат. “Аман кредит” кошулганда 10 микрофинансылык компания болот. Мындан сырткары өлкөдө 70 микрокредиттик компания жана 35 микрокредиттик агенттик иштейт. (ErN)

Дагы караңыз

Марк Рютте НАТОнун башкы катчысы болот Сарногоевдун, Касымбековдун жана Абдрахмановдун ысымдары мектеп-китепканаларга ыйгарылатКазакстанда "Массмедиа жөнүндө" мыйзамга кол коюлдуДепутат казинодон күткөндөй салык түшпөй жатканын айтып, кайра жабууну сунуштадыГазада Израил армиясынын соккулары улануудаАкылбек Жапаров темир жолго алынчу насыя мамлекеттин эмес, компаниянын мойнуна илинерин айттыУкраина: Орусиянын чабуулдарынан төрт киши каза болду, электр ишканалары жабыркады