Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Марк Рютте НАТОнун башкы катчысы болот


Марк Рютте (солдо) жана Клаус Йоханнис. 2022-жыл.
Марк Рютте (солдо) жана Клаус Йоханнис. 2022-жыл.

Нидерланддын өкмөт башчылыгынан кетип жаткан Марк Рютте НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин мөөнөтү аяктагандан кийин бул уюмдун жетекчилигине барат.

Рютте Түндүк Атлантика альянсынын башкы катчысы кызматына жалгыз талапкер болуп калды. Саясатчы НАТОго мүчө өлкөлөрдүн баарынын, анын ичинде Румыниянын лидерлеринин колдоосуна ээ болду. Башкы катчылыкка өз талапкерлигин койгон румын президенти Клаус Йоханнис ат салышуудан баш тартканын 20-июнда жарыялады.

Столтенбергдин кызмат мөөнөтү быйыл октябрь айында соңуна чыгат. Рютте НАТОнун Украинага жардамы боюнча жаңы пландарына Венгрия катышпайт деген жазуу түрүндөгү убадасын берди.

57 жаштагы Рюттенин НАТОнун башкы катчылыгына дайындалышы расмий түрдө альянстын кезектеги саммитинде жарыяланат. Саммит июль айында Вашингтондо өтөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG