Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

Украина: Орусиянын чабуулдарынан төрт киши каза болду, электр ишканалары жабыркады


Украина.
Украина.

Украинада Орусиянын чабуулдарынан соңку суткада жалпысынан дагы төрт киши каза болгонун 20-июнда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Донецк облустук администрациясынын башчысы Вадим Филашкин билдиргендей, бейшембиде эртең менен орус армиясы Константиновка шаарына башкарылуучу авиабомба таштап, натыйжада бир кишинин өмүрү кыйылды, үйлөр талкаланды. Ал эми кечээ Роскошное айылы орус аскерлеринин кассеталык аткылоосуна кабылып, үч жергиликтүү тургун каза болду, алардын бири 14 жаштагы өспүрүм бала экени аныкталды.

Облус башчысы элди Донецкинин кооптуу аймактарынан эвакуация болууга чакырды.

Украин бийлиги маалымдагандай, бейшембиге караган түнү төрт облуста Орусиянын соккуларынан жылуулук электр станциясы жана бир катар энергетика объектилери кыйрады, Винница облусунда 200 миңдей, Киев облусунда 7 миңдей абонент электр жарыгысыз калды.

Өткөн түнү Орусия Украинанын Воронеж облусуна «Искандер-М» баллистикалык ракеталарынан үчтү, канаттуу ракеталардан алтыны учурганын украин Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди. Баллистикалык ракеталардын бирин да токтотуп калууга мүмкүн болбогону кабарланды.

Орусия учурган учкучсуз 27 учактын баары атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

Ал тапта Бельгия Европа Биримдиги Орусияга каршы санкциялардын кезектеги, 14-топтому бекитилгенин жарыялады. Аталган өлкө азыркы тапта бул уюмда төрагалык кылууда. Reuters билдиргендей, бул жолку санкцияларда Орусиянын суюлтулган газын өткөрүүгө тыюу салуу чаралары каралган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG