Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Сарногоевдун, Касымбековдун жана Абдрахмановдун ысымдары мектеп-китепканаларга ыйгарылат


Министрлер кабинетинин алдындагы Көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын отуруму. 20-июнь, 2024-жыл.
Министрлер кабинетинин алдындагы Көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын отуруму. 20-июнь, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов көрүнүктүү ишмерлердин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн сайты кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө ар кандай социалдык жана башка объектилерге өлкөнүн көрүнүктүү инсандарынын ысымдарын ыйгаруу, ошондой эле имараттардын жана турак жайлардын сыртына мемориалдык такталарды орнотуу боюнча 30га жакын маселе каралды.

Комиссиянын кабыл алуусу менен төрт инсандын ысымын тиешелүү жайларга ыйгаруу чечилди.

Ага ылайык, Бишкек шаарындагы №5 балдар искусство мектебине Кыргыз эл артисти, ЮНЕСКОнун “Салттуу музыканы сактоого кошкон салымы үчүн” атайын номинациясынын лауреаты, комузчу жана композитор Нурак Абдрахмановдун жана №100 мектепке Кыргыз эл акыны, Кыргызстан Жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы сыйлыгынын лауреаты, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Байдылда Сарногоевдин ысымы бериле турган болду.

Мындан сырткары Бишкек шаардык № 1 клиникалык ооруканасына Борбор Азиядагы биринчи аял-хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, академик Какиш Рыскулованын ысымы ыйгарылса, Бишкек шаардык борбордук китепканага Кыргызстандын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун аты коюлат.

Шаарларга, айылдарга, көчөлөргө, мектептерге, окуу жайларга, театрларга, ооруканаларга, парктарга, китепканаларга, гидроэлектр станцияларга жана башка жайларга адамдын ысымын ыйгаруу Кыргызстанда Орус империясы маалынан жана СССР учурунан калыптанган. Өлкө эгемендик алган соң аталыштар өзгөртүлүп, кайрадан кишинин аты менен аталып келатат.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын июнунда кол койгон мыйзамга ылайык, Талас облусундагы Кара-Буура району Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун атынан Айтматов району деп өзгөртүлгөн. Аталган райондогу Чымгент айылы Чолпонбай болуп алмашса, Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагынын аталышы Ормон-Хан болгон.

Буга байланыштуу коомчулукта кайчы пикирлер чыккан. Айрымдар көчө, мектеп, парктардан сырткары жер-суу аталыштарын кишинин атына өзгөртүүгө каршы экенин билдиришсе, кээлери жерлердин тарыхый аталыштарын бузбай, сактап калууга чакырышкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG