Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Казакстанда "Массмедиа жөнүндө" мыйзамга кол коюлду


Казакстан. Архивдик сүрөт.
Казакстан. Архивдик сүрөт.

Казакстанда "Массмедиа жөнүндө" мыйзам кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн 20-июнда «Азаттыктын» казак кызматы кабарлап, мыйзамга президент Касым-Жомарт Токаев 19-июнда кол койгонун жазды.

Медиаэксперттер менен укук коргоочулар бийлик сунуштаган бул жаңы мыйзам цензураны жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) үстүнөн мамлекеттик көзөмөлдү күчөтөрүн айтып келишкен.

"Массмедиа" деп эми ЖМК гана эмес, интернет-ресурстар да аталат. Журналисттер кайсы бир иш-чарага катышуу үчүн пресс-карта алууга, «өзгөчө шарт» болуп калса жазган текстин кызмат адамдары менен макулдашууга милдеттүү болушат. Жарандар эгер кайсы бир маалыматты жалган же шек келтирүүчү деп эсептесе аны төгүндөөнү жарыяланган күнүнөн тартып бир жыл ичинде гана талап кыла алышат, буга чейин үч жыл болчу.

2027-жылга чейин казак тилиндеги теле жана радиопрограммалардын апталык көлөмү азыркы 50 проценттен 60 процентке чейин көбөйтүлүшү, ал эми чет элдик программалардын ретрансляциясы 20дан 10 процентке чейин кыскартылышы керек болот.

Мыйзам долбоору талкууланып жатканда укук коргоочулар чет элдик ЖМК өкүлчүлүктөрүн жана алардын журналисттерин аккредитациялоодон баш тартуу каралган беренени «каалагандай чечмелесе болот» деп сындап, кооптонуусун билдиришкен. Айрым депутаттар, мисалы, эгер бийликте кайсы бир чет өлкөлүк ЖМК «улуттук коопсуздукка коркунуч жаратып жатат» деген кооптонуу жарала турган болсо Тышкы иштер министрлигине аларды аккредитациялоодон баш тартуу укугун бериш керек экенин айтып чыгышкан. Кийин бул пункт өзгөртүлүп, мыйзам долбоорунун текстинен улуттук коопсуздукка коркунуч тууралуу сөздөрдү алып салышкан.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму түзгөн басма сөз эркиндиги рейтингинде Казакстан 2024-жылы 134-орундан 142-орунга төмөндөгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG