Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Депутат казинодон күткөндөй салык түшпөй жатканын айтып, кайра жабууну сунуштады


Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи-үчүнчү окууда кабыл алынды.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев ага байланыштуу баяндама жасап, мыйзам долбоору ички карама-каршылыктарды четтетүүгө, мамлекеттик жана расмий тилдердин ортосундагы шайкештикти келтирүүгө багытталганын айтты.

Депутат Нуржигит Кадырбеков өзгөртүүлөрдө оюн-зоок бизнесин салыктык жеңилдиктер берилип жатканын сынга алды. Ал мурда атайын мыйзамдын негизинде казинолорго уруксат берилгенин эске салып, убада кылынган салык түшпөй жатканын айтты жана мындай шартта аларды кайра жабууну сунуш кылды.

“Казиного уруксат берген маалда “жылына 2-3 млрд сом киреше түшөт” деп айтып, киргизгенсиздер. Балким, айрым депутаттар ошого да ишенип, добуш беришкен. Бирок казинодон андай киреше түшкөн жок. “Сөзүңө жооп бер” деген сөз бар. Сөзгө жооп бере албай калдык. Мына ушундан улам биздин чакырылыштын мөөнөтү бүткөнчө кайра мыйзам жазып келип, казиного кайра тыюу салуу боюнча мыйзам даярдап келсеңиздер, тарыхта калат элеңиздер. Бизди ынандыргансыздар. Азыр сурасак жылына 100 миллион сом да түшпөптүр. Ошого карабай аларга кайрадан салыктык жеңилдиктерди беребиз деп жатасыздар”, – деди Нуржигит Кадырбеков.

Министр Данияр Амангелдиев жеңилдиктер серверлери чет жакта жайгашкан сайттарды Кыргызстанда иштөөгө шарт түзүп жатканын, бул аларды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берерин билдирди.

Казино ишмердигине 2012-жылы 1-январда салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган.

Өкмөт кумар оюндарынан казынага 2 млрд сомго жакын акча түшөрүн билдирген. 2023-жылдын жыйынтыгында лицензия алган казино жана букмекердик кеңселерден мамлекеттик бюджетке жалпы 100 млн 464 миң сом салык түшкөнү кабарланган.

Расмий маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн ачылган эки казино иштеп жатат. Алардын бири "Гранд казино" президенттин жакын санаалашы делген Арзыбек Буркановдун жакындарына таандык экенин журналисттер иликтеп чыгышкан. Мындан сырткары "Казино Кристал" ишканасына лицензия берилгени сентябрда маалым болгон.

Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казиного киргизилбейт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG