Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:41

Газада Израил армиясынын соккулары уланууда


Газа сектору.
Газа сектору.

Газа секторунда Израилдин соккулары уланууда. Reuters агенттиги билдиргендей, бүгүн 20-июнга карата израилдик аскерлердин чабуулдары сектордун эки районунда – түштүк тилкеде жана борбордук бөлүктөгү Дейр-эл-Балахта жүрүп жатат.

Анклавдын АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдиргендей, бейшембиге караган түнү борбордук тилкедеги соккулардан кеминде үч кишинин өмүрү кыйылды, ондогон киши жараат алды. Израилдик танкалар түштүктөгү Рафах шаарында алдыга жылуусун улантууда.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Израил бул үчүн ХАМАСты айыптап, негизги максаты аны жок кылуу экенин билдирүүдө. Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен сегиз айдан ашуун убакыттан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 37 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Мекеме жарыялаган сан күмөн жаратпай турганын БУУ маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG