Орусиялык адис Максим Лисицын Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу 14-июнда Кыргыз футбол биримдиги кабарлады. 46 жаштагы Максим Лисицын курама команданы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-баскычына даярдайт. Мелдештер сентябрь айында башталат.
Маалымат боюнча, ал Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн төрт жыл мурун баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги менен Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыккан. Андан сырткары, Кыргызстандын Олимпиадалык U-23 курама командасын Азия биринчилигинин тандап алуу оюндарында жетектеген.
Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитети Максим Лисицындын талапкерлигин 13-июнда бекитип, жаңы башкы машыктыруучу менен бир жылга келишим түзүлдү.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович жана машыктыруучулар штабы 13-июнда толук курамы менен кызматтан кеткен.
Улуттук курама 11-июнда Омандын Маскат шаарында Омандын футболчулары менен 1:1 эсебинде тең чыгып, 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-туруна өтүп, 2027-жылы боло турган Азия кубогуна жолдомо алган. (BTo)
Дагы караңыз
Байден АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматына Cтиммлерди көрсөттүTemirov Live: 11 журналисттин иши боюнча соттук отурум өтүп жататУлуттук банк валюта базарына 6 млн 650 миң доллар саттыКемпир-Абад иши: Front Line Defenders уюму аялдарды 20 жылга кесүү өтүнүчүн айыптадыМосква биржасында жаңы санкциядан улам доллар жана евро соодасы токтодуКувейт: мигранттар турган үйдө чыккан өрттөн 50 индиялык набыт болду