Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:09

Temirov Live: 11 журналисттин иши боюнча соттук отурум өтүп жатат


Азамат Ишенбеков менен Актилек Капаров Ленин райондук сотуна алынып келаткан учур. 7-июнь, 2024-жыл.
Азамат Ишенбеков менен Актилек Капаров Ленин райондук сотуна алынып келаткан учур. 7-июнь, 2024-жыл.

14-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда Temirov Live менен “Айт, айт десе” долбоорунун мурдагы жана азыркы 11 журналистинин иши боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Алардын иши боюнча биринчи жараян 7-июнда өтүп, баштапкы соттук угуу болгон. Эми иштин өзүн кароо башталды. Судья ушул эле күнү Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, акын Азамат Ишенбековдун, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровдун жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекееванын камактагы мөөнөтүн 8-августка чейин узарткан.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Кийин Temirov Live редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган.

Мындан тышкары, 9-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумовдун, Тыныстан Асыпбековдун, Максат Тажибек уулунун жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет. (BTo/MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG