Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:57

Улуттук банк валюта базарына 6 млн 650 миң доллар сатты


Улуттук банк 13-июнда валюта рыногуна 6 млн 650 миң доллар сатты. Муну менен банк март айынан бери базарга биринчи жолу доллар сатып жатат.

Жаңы жылдан бери Улуттук банк базардан тогуз жолу доллар сатып алып, үч жол сатты.

Былтыр башкы банк валюта базарынан 655,7 млн доллар сатып алган.

Акыркы апталарда доллардын да кыргыз сомуна карата курсу түшүп кетти. Ушул күндөрү бир доллар 87,15 сомдон сатып алынып, 88 сомдон сатылууда. Улуттук банктын сайтында 86 сом 94 тыйын деп бааланууда.

Акыркы суткада Кыргызстанда орус рублинин дагы сомго карата курсу түшкөнү байкалууда. 13-июнда коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында 60 тыйындан сатып алынып, 98 тыйындан сатылды. 14-июнда 92-95 сом болууда. Улуттук банктын расмий курсу 97 сом 55 тыйын деп коюлган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG