Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:30

Москва биржасында жаңы санкциядан улам доллар жана евро соодасы токтоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда бүгүн 13-июндан тартып Москва биржасында доллар жана евро соодасы токтотулду. Буга АКШнын чектөө чаралары себеп болгону мекеменин сайтындагы расмий маалыматта айтылды.

Финансылык инструменттер, акциялар, баалуу металлдар боюнча эсептешүү доллар жана евро менен жүргүзүлбөйт.

12-июнда Москва биржасы, Орусиянын Улуттук клиринг борбору жана Улуттук эсептешүү депозитарийи АКШнын Каржы министрлигинин Орусияга Украинага согуш ачканы үчүн жарыялаган санкция тизмесине кирген.

Жаңы санкциялар Орусиянын каржы системасындагы “коргоо өнөр жайына инвестицияга көмөктөшүү багытына бурулган архитектурага каршы” багытталганы белгиленген.

Санкция рублдин конвертация болуу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө, Орусиядан валюта чыгаруу наркынын жогорулашына, валютанын орусиялык экспортерлорго ыңгайлуу курс менен сатылышынын оорлошуна алып келерин The Bell басылмасына Европалык саясатты талдоо борборунун (CEPA) илимий кызматкери Александр Коляндр айтып берди.

Орусиянын Борбордук банкы доллар жана евро менен операциялар биржадан тышкаркы деңгээлде жүргүзүлөрүн билдирди. Рублге карата расмий курстарды бул мекеме банк отчеттуулугунун жана биржадан тышкаркы сооданын санарип платформасынын маалыматынын негизинде аныктап турары маалымдалды.

12-июнда Орусиянын бир нече банкы долларды сатуу баасын жогорулаткан. Борбордук банк аныктаган расмий курс 1 долларга 89 рубль, ал эми акча алмаштыруучуларда 200 рубль болгон.

Орусиядагы жаңы эреже Кыргызстанда да орус рублинин курсуна таасир этүүдө. 13-июнда Улуттук банк 1 рублди 97 тыйын деп баалады. Ал эми акча алмаштыруучу жайларда 1 рублди 60-80 тыйынга сатып алып, 98 тыйындан сатып жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG