Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:50

Кувейт: мигранттар турган үйдө чыккан өрттөн 50 индиялык набыт болду


Мангафтагы өрт тутанган имарат. Кувейт. 12-июнь, 2024-жыл.
Мангафтагы өрт тутанган имарат. Кувейт. 12-июнь, 2024-жыл.

Индиянын Тышкы иштер министрлиги Кувейттин Мангаф шаарында чыккан өрттөн кеминде 40тай жараны набыт болгонун билдирди. Дагы 50дөй индиялык ар кандай деңгээлдеги жараат алганы кабарланды.

Тилсиз жоо 12-июнда ондогон чет өлкөлүк мигрант жашаган имаратта тутанган. Набыт болгон 50 кишинин ичинде филиппиндик үч жаран бардыгын "Франс Пресс" агенттиги жазды. Жабыркагандардын арасында непалдык жумучушчулар да бар.

Кувейттин калкынын үчтөн эки бөлүгүн чет өлкөлүк мигранттар түзөт. Өлкө тыштан келген жумушчу күчүнө абдан муктаж.

Жергиликтүү медиа жазгандай, имаратта 196 жумушчу болгон. Өкмөт башчынын орун басары, шейх Фахад Юсуф аль-Сабах имараттын ээлерин айыптап, курулуш стандарттарынын сакталбаганынан улам каргашалуу окуя болгонун айтты.

Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги тараткан маалыматка ылайык, Манкафтагы өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Дипломатиялык өкүлчүлүк Кувейттин тиешелүү органдары менен байланышта экенин билдирет. Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп жакында эле Нурлан Токобаев дайындалган.

Ар кандай маалыматка ылайык Кувейттеги кыргызстандыктардын саны 300дүн тегерегинде.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG