Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:59

Байден АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматына Cтиммлерди көрсөттү


АКШ менен Кыргызстандын туулары.
АКШ менен Кыргызстандын туулары.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматына Брайан Cтиммлердин талапкерлигин көрсөттү.

Брайан Cтиммлер ушул тапта Мамлекеттик департаменттин Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча бюросунда Борбор Азия иштери боюнча башкармалыгынын директору болуп иштейт. Буга чейин ал АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары да болгон.

АКШнын Кыргызстандагы азыркы элчиси Лесли Вигери 2022-жылы кызматка киришкен.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылы 21-июлда бир тараптуу денонсациялаган.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев былтыр 7-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында “келишим боюнча бир-эки маселе калганын, ал чечилсе макулдашууга кол коюларын” айткан. Вашингтон документке кол коюуга даяр экенин билдирип келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG