Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:43

Кемпир-Абад иши: Front Line Defenders уюму аялдарды 20 жылга кесүү өтүнүчүн айыптады


Кемпир-Абад иши боюнча камалган аялдар: Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова жана Рита Карасартова. Биринчи май соту, 17-февраль, 2023-жыл
Кемпир-Абад иши боюнча камалган аялдар: Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулова жана Рита Карасартова. Биринчи май соту, 17-февраль, 2023-жыл

Front Line Defenders уюму укук коргоочулар Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Перизат Суранова, Гүлнара Журабаева жана Асия Сасыкбаеваны 20 жылга кесүү тууралуу прокурордун өтүнүчүн айыптайт. Эл аралык уюм Кыргызстандын бийлиги ысымдары аталган төрт аялга тагылган бардык айыптарды алып салууга 13-майда тараткан билдирүүсүндө чакырды.

13-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча өтүп жаткан соттук отурумда шектүүлөр акыркы сөзүн сүйлөй баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” ушул иш боюнча шек саналып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов менен активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев билдирди.

Айыпталуучулардын акыркы сөзүнөн кийин өкүм чыгат.

10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчылардын жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылууну сураган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.

Ушу тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында жатат. Калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан. Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келет.

11-июндагы сот жараянында Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылгандардын арасынан ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун иши өзүнчө бөлүнгөнү маалым болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG