Экс-депутат Эмил Жамгырчиевдин сотунда күбөлөр сурала баштады

Эмил Жамгырчиев

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиевдин иши боюнча күбөлөр сурала баштады. Бул маалыматты “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы ырастап, кийинки соттук жараян 19-июнга белгиленгенин билдирди.

2023-жылы 27-декабрда ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушев Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга парламенттен уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.

Быйыл 10-январда парламент аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

24-январда Биринчи май райондук соту Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, аны 26-февралга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алган. 2-февралда кайра үй камагына чыгарган.

Ушул эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы Жамгырчиевдин арызынын негизинде аны депутаттык мандатынан ажыраткан. (BTo)

Дагы караңыз

Оштун мэри кармалган мурдагы жардамчысы тууралуу комментарий бердиКемпир-Абад иши: абактагылардын жакындары акыйкат чечим чыгарууну талап кылыштыЭл аралык уюмдар Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарды бошотууга чакыруудаАргентинада президенттин реформаларына каршы акциялар кагылышуулар менен коштолдуАскат Жетигендин сотунда дагы бир лингвист эксперт сурак бердиАКШ кыргызстандык дагы эки компанияга Орусия менен байланышы үчүн санкция салды Израил танктары Рафахтагы коопсуз делген аймактарга киргени кабарланды