Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:05

Кемпир-Абад иши: абактагылардын жакындары акыйкат чечим чыгарууну талап кылышты


Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган саясатчы жана активисттердин жакындары. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 13-июнь, 2024-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган саясатчы жана активисттердин жакындары. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 13-июнь, 2024-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандардын жакындары акыйкат чечим чыгаруу талабы менен сот имаратынын алдына акцияга чыгышты. Алар колдоруна "Кемпир-Абадды коргоо кылмыш эмес", "Акыйкат чечим" деген жазуусу бар барактарды көтөрүп алышкан жана "боштондук" деп кыйкырып жатышат.

Бүгүн, 13-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча өтүп жаткан соттук отурумда шектүүлөр акыркы сөзүн сүйлөп жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” ушул иш боюнча шек саналып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов менен активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев билдирди.

Акыркы сөз башталганын Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган укук коргоочу Рита Карасартова да Фейсбуктагы баракчасына жазды. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 12-июндагы соттук жараянда шектүүлөрдүн жетөөнө гана жарыш сөз берилгенин айткан.

Айыпталуучулардын акыркы сөзүнөн кийин өкүм чыгат.

10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчылардын жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылууну сураган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.

Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында жатат. Калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан. Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар: Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Бектур Асанов, Илгиз Шаменов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Тимур Махмудов, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Орозайым Нарматова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев, Талантбек Эшалиев жана Мамбетжунус Абылов. Булардын ичинен Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.

11-июндагы сот жараянында Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылгандардын арасынан ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун иши өзүнчө бөлүнгөнү маалым болду.(КЕ/МК)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG