Human Rights Watch, People in Need, Норвегиянын Хельсинки комитети, Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүгү жана башка бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Кыргызстандын бийлигине кайрылуу жолдоп, Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарды бошотууга чакырды.
Биргелешкен кайрылууда алар прокурорлордун айыпталуучуларды 20 жылга эркинен ажыратууну суроосу өлкөдө "сот тармагынын ансыз деле адилеттик принциптеринен тайып баратканын дагы тереңдетет" деп белгилешкен.
"Кыргызстандын бийлиги саясий негизделген айыпты жоюп, иш боюнча айыпталып, айрымдары 19 айдан ашуун убактан бери абакта жаткан бардык адамдарды токтоосуз бошотууга тийиш", деп жазылган кайрылууда.
Укук коргоо уюмдары кыргыз бийлиги ишке "жашыруун" грифт коюлганы, сот жыйындары жабык өтүп жатканы - айыпталуучулардын укугун бузууга жатарын белгилеп, Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактынын катышуучусу экенин эскертишкен.
Кайрылууда айрым сот жараяндары эл аралык нормаларды бузуу менен айыпталуучулардын адвокаттарысыз өткөнү, соттук материалдарды экспертизадан өткөрүүгө, сотто көрсөтмө берүүгө мүмкүнчүлүк берилбегени белгиленген.
"Бийлик активисттерден мыйзамдуу сыны жана жарандык жигердүүлүгү үчүн ачык эле өч алып жатат. Бийлик тескерисинче Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын иши тез арада токтотулуп, алардын токтоосуз бошотулушун камсыз кылуусу зарыл," деп жазылган анда.
Укук коргоо уюмдары кыргыз бийлигин сөз эркиндигин жана башка негизги адам укуктарына кысым жасабоого чакырып, бул жаатта эл аралык коомчулук алдындагы милдеттерин так аткаруу талабын коюшкан.
Кемпир-Абад иши боюнча сот жараяны Биринчи май райондук сотунда каралууда жана ушул күндөрү сот өкүмү чыгышы мүмкүн экени айтылууда. 12-июнда айыпталуучулардын адвокаттары жарыш сөз жети гана адамга берилгенин, калгандарына берилбегенин билдиришкен. 13-июндагы процессте айыпталуучуларга акыркы сөз берилди.
10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында жатат. Калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.
Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет.
Кемпир-Абад иши боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алар: Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Бектур Асанов, Илгиз Шаменов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Тимур Махмудов, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Орозайым Нарматова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев, Талантбек Эшалиев жана Мамбетжунус Абылов.
Булардын ичинен Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун иши да жакында эле өзүнчө бөлүндү. (ZKo)