Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Аргентинада президенттин реформаларына каршы акциялар кагылышуулар менен коштолду


Аргентинадагы президенттин экономикалык реформаларына каршы чыккандар. 12-июнь, 2024-жыл.
Аргентинадагы президенттин экономикалык реформаларына каршы чыккандар. 12-июнь, 2024-жыл.

Аргентинанын баш калаасы Буэнос-Айресте президент Хавьера Милейдин реформаларына каршы ири демонстрациялар өтүп жатат. Полиция акциянын катышуучуларын таркатуу үчүн жаш чыгарчу газ чачып, суу бүрктү.

Реформалардан миллиондогон аргентиналыктар жабыркарын айткан демонстранттар полициячыларга таяк, таш, күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышты.

Медиа каражаттары жазгандай, акциянын катышуучулары эки машинаны өрттөп салышкан. Коопсуздук күчтөрү менен кагылышууда бир нече адам жабыркап, ондогону кармалды. Андан тышкары демонстрацияга чыккан оппозициячыл беш депутат дагы жараат алып, ооруканага жеткирилгени маалым болду.

Өлкө экономикасын жандантуу максатында Милей сунуштаган реформаларга пенсияларды кыскартуу, медицина менен билимге, социалдык тармакка чыгашаларды азайтуу, чукул үнөмдөө чаралары камтылган.

9-майда Аргентинада жапырт иш таштоо акциясы болгон. Айрым статисткалык маалыматтарга караганда, Түштүк Америкада жайгашкан бул өлкөдө жакырчылыктын деңгээли быйыл апрелде 59% түзгөн. Бул соңку он жылдыктардагы эң төмөн көрсөткүч. 12-майда реформаларды парламенттин жогорку палатасы Сенат жактырган. Хавьер Милей президенттик кызматка расмий былтыр жыл соңунда киришкен.

Шайлоо программасында ал экономикада чукул реформаларды өткөрүп, жакырчылыктан чыгууну убада кылган. Анткен менен ал бийликке келген алты ай ичинде бир да мыйзам кабыл алган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG