Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:25

Оштун мэри кармалган мурдагы жардамчысы тууралуу комментарий берди


Бакытбек Жетигенов.
Бакытбек Жетигенов.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Кылмыш-жаза кодексинин “Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу” беренеси менен кармалган мурдагы жардамчысы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди. Ал мурдагы жардамчысына козголгон кылмыш ишине тиешеси жок экенин, жоопкерчиликти өзү тарта турганын айтты.

“Буга чейин өйдө-ылдый сөз болгондо мен аны жумуштан кетирип жибергем. Эми мындай да, ар ким кылган ишине өзү жооп берет. Мындай нерсе боло берет экен. Менин атымды сатканбы билбейм. Мен эми аны уурда, ич, же деп айтпайм да. Тескерисинче уурдаба, түз жүр деп айткам”, - деди Бакытбек Жетигенов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош шаарынын мэринин мурдагы жардамчысы А.К.С. аттуу адам ишкерлерден акча талап кылып, алып жүргөн деген шек менен кармалганын 13-июнда билдирген.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, ал Ош шаарынын мэринин жардамчысы болуп турган учурда кысым көрсөтүп Ош шаарынын борбордук базарынын директорунан ай сайын 400 миң сомдон алып турганы аныкталган.

Кармалган шектүү жана анын адвокаттары комментарий бере элек.

Социалдык тармактарда тараган маалыматтарда кармалган шектүү Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун мурдагы жардамчысы Каныбек Асанбеков экени айтылууда. Анын аты-жөнү УКМК тараткан инициалга туура келет. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG