Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:56

Аскат Жетигендин сотунда дагы бир лингвист эксперт сурак берди


Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотундагы отурумда. 23-май, 2024-жыл.
Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотундагы отурумда. 23-май, 2024-жыл.

13-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда акын жана активист Аскат Жетигендин иши боюнча кезектеги соттук отурум болуп, лингвист эксперт Таалайбек Абдыкожоев көрсөтмө берди.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, ал Аскат Жетигендин социалдык тармакка жарыялаган видеосунда манипуляция кыла турган элементтер бар экенин, бирок зордук-зомбулукка чакырыктарды көрбөгөнүн айтты. Адвокат Самат Матцаковдун видеодо массалык башаламандыкка чакырыктар бар жогу тууралуу суроосуна Таалайбек Абдыкожоев “андай чакырыктар жок” деп жооп берген.

11-июндагы соттук отурумда лингвист эксперттер Гуля Мураталиева менен Нурлан Сакпаев сурак берген. Сакпаев “Аскат Жетигендин социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган видеолорунда бийликти күч менен басып алууга чакырыктар бар” экенин айткан. Ал эми Мураталиева видеодо “сын-доомат гана айтылган” деген көрсөтмө берген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскат Жетигенди алгач 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта УКМК Аскат Жетигенге дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

Учурда Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.

Ал буга чейинки соттук отурумдарда 20-мартта соттун камакка алуу чечиминен кийин “УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын” айткан.

Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG